Кыргызстанда иштетүүдөн өтпөгөн сүттүн баасы өсүүдө.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2-декабрга
карата республика боюнча сүттүн литринин орточо баасы 46 сом 60 тыйынды түздү.
Ошол эле учурда 30-ноябрга карата баа 2 сомго төмөн болчу. Муну менен 3 күндүн
ичинде сүттүн баасы 4 – 5 пайызга көтөрүлдү. Ал эми ноябрдын
башындагы баага салыштырмалуу 10 пайызга өстү.