Кыргызстанда акысыз юридикалык жардам берүү боюнча 10 борбор ачылат

Кыргызстанда акысыз юридикалык жардам берүү боюнча 10 борбор ачылат. Бул тууралуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

 

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү декадасы башталды. Адистерден кеп-кеңешти чет өлкөлүк жарандар, качкындар, жарандыгы жоктор дагы ала алат. Иш-чарага Юстиция министрлигинин өлкөдөгү бардык бөлүмдөрү тартылат.