Нуртазин Жетибаев президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды

Нуртазин Жетибаев президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Нуртазин Жетибаев буга чейин Футбол федерациясынын башкы катчысы, Башкы прокуратуранын башкаруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ага 2014-жылы Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерге байланыштуу кылмыш… Кененирээк…

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын” ЮНЕСКОнун маданий мурастарды сактоо тизмесине киргизүү каралат

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын” ЮНЕСКОнун маданий мурастарды сактоо тизмесине киргизүү каралат. Маданият министрлигинен билдиришкендей, 18-декабрга чейин ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасында өкмөттөр аралык комитеттин 16-сессиясы өтөт. “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” Кыргызстан тарабынан сунушталган биринчи номинация. Жалпысынан комитеттин жыйынында быйыл ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн дүйнөнүн бардык… Кененирээк…

Бишкек мэриясы ЖЭБди өз балансына өткөрүп алууга даяр эмес

Бишкек мэриясы ЖЭБди өз балансына өткөрүп алууга даяр эмес. Бул тууралуу мэриянын борбордук аппаратынын экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев билдирди. Анын айтымында, объектти мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнү кабыл алуу Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен ишке ашат. ЖЭБди камсыздоого жылына 5 миллиард… Кененирээк…

Михаил Мясникович Кыргызстанга келет

Кыргызстандын 2022-жылы Евразия экономикалык биримдигинин органдарында төрагалык кылуусунун алдында 15-17-декабрда Бишкекке Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жумушчу сапары менен келет. Сапардын программасында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен жолугушуулар каралган. Ошондой эле,… Кененирээк…

Бишкекте №206-маршруттук таксинин каттамы токтотулду

Бишкекте №206-маршруттук таксинин каттамы токтотулду. Мэриядан билдиришкендей, келишим маршруттун ишине жүргүнчүлөр тарабынан даттануулар түшкөнүнөн улам жокко чыгарылды. Аталган коомдук унаанын ордуна убактылуу №41-автобус жүргүнчүлөрдү ташыйт. Анын линиясы Мурас-Ордо конушунан Ош базарына чейин. Учурда каттамды 7 автобус тейлеп жатат

Жалал-Абад облусунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 15-декабрында саат 07:58де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. Маалыматка караганда, анын күчү Тогуз-Торо районунун Кара-Суу жана Табылгыты айылдарында 2 баллга чейин жетти. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кыргызстанда спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча чемпионат өтөт

Кыргызстанда спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча чемпионат өтөт. Эркин күрөш боюнча 57 килограммдан 125 килограммга чейинки салмак категориясындагылар арасында 12 топтом медаль ойнотулат. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча балбандар 55 килограммдан 130 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат. Мелдештер 13-январдан 16сына чейин спорт ордосунда өтөт. Мелдештин… Кененирээк…

Эмомали Рахмондун кызы Рухшона Эмомали Улуу Британияга элчи болуп дайындалды

Тажик президенти Эмомали Рахмондун кызы Рухшона Эмомали Тажикстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды. Рахмондун өз кызын жаңы кызматка дайындаганы тууралуу жарлыгы 15-декабрда жарыяланды. Рухшона Эмомали 2016-жылы Тажикстандын Британиядагы элчилигинде иштеген. 2017-жылдан бери Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп… Кененирээк…

Баткен облусунун чек ара аймагында жайгашкан 7 социалдык объектинин курулушу жана капиталдык ремонту аяктады

Баткен облусунун чек ара аймагында жайгашкан 7 социалдык объектинин курулушу жана капиталдык ремонту аяктады. Архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришкендей, иштер Баткен жана Лейлек райондорунда жүрдү. Учурда 775 орунга чакталган 3 мектептин крулушу бүтүп, окуучуларды кабыл алууга толук даяр. Муну менен катар 140 орундуу бала бакча… Кененирээк…

Жогорку Кеңешке өткөн 6 партияга мандаттар кандай бөлүштүрүлөрү айтылды

Жогорку Кеңешке өткөн 6 партияга мандаттар кандай бөлүштүрүлөрү айтылды. БШК маалыматына ылайык, барынан көп «Ата-Журт Кыргызстан» партиясында — 15 мандат, андан кийин «Ишеним» — 12 мандат менен турат, «Ынтымак» саясий уюму — 9 мандат алса, «Альянс» партиясына — 7 мандат берилет. «Бүтүн Кыргызстан» — 6… Кененирээк…