Бишкекте №206-маршруттук таксинин каттамы токтотулду.
Мэриядан билдиришкендей, келишим маршруттун ишине жүргүнчүлөр
тарабынан даттануулар түшкөнүнөн улам жокко чыгарылды. Аталган
коомдук унаанын ордуна убактылуу №41-автобус жүргүнчүлөрдү ташыйт.
Анын линиясы Мурас-Ордо конушунан Ош базарына чейин.
Учурда каттамды 7 автобус тейлеп жатат