Кечээ, 15-декабрында саат 07:58де Жалал-Абад облусунун
аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. Маалыматка караганда,
анын күчү Тогуз-Торо районунун Кара-Суу жана Табылгыты
айылдарында 2 баллга чейин жетти. Кырсыктан
жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.