Баткен облусунун чек ара аймагында жайгашкан 7 социалдык объектинин курулушу жана капиталдык ремонту аяктады

Баткен облусунун чек ара аймагында жайгашкан 7 социалдык объектинин

курулушу жана капиталдык ремонту аяктады. Архитектура жана курулуш

агенттигинен билдиришкендей, иштер Баткен жана Лейлек райондорунда жүрдү.

Учурда 775 орунга чакталган 3 мектептин крулушу бүтүп, окуучуларды кабыл

алууга толук даяр. Муну менен катар 140 орундуу бала бакча салынды.

Ал эми 100 орундуу бакчанын курулушу аяктоо алдында турат. Ал эми

спорт залдар жыл аягына чейин бүтөт. Буга чейин сентябрда

2 мектеп жана ФАП оңдоон өтүп, пайдаланууга берилген.