Токмок шаарында дагы балаты орнотуу иштери башталды

Токмок шаарында дагы балаты орнотуу иштери башталды. Кыш сулуусунун бийиктиги 12 метрди түзөт. Диаметри 5 метр. Балаты ар түстүү грилянддар, оюнчуктар жана жаңы жылдык атрибуттар менен кооздолот. Белгилеп кетсек,  Токмокто учурда орнотулуп жаткан башкы балаты былтыркы, ал эми оюнчуктар күйүп кеткенине байланыштуу жаңыдан сатып алынат.… Кененирээк…

Баткен шаары жаңы жылдык балатыдан баш тартты

Баткен шаары жаңы жылдык балатыдан баш тартты. Мэр Имамназар Бурканов билдиргендей, мындай чечим каржатты максаттуу пайдалануу үчүн кабыл алынды. Жаңы жылдык балатына кооздоого 185 миң сом жумшалмак. Бирок сумманын 100 миң сому ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белек жасоо… Кененирээк…

Кыргызстанда дизелдик отун 2 жуманын ичинде 5 пайызга же 3 сомго кымбаттады

Кыргызстанда дизелдик отун 2 жуманын ичинде 5 пайызга же 3 сомго кымбаттады. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, ноябрдын аягында солярканын бир литринин баасы 54 сом 80 тыйын болсо, 15-декабрда 57 сом 60 тыйынга жетти. Ошондой эле бензин дагы 1-декабрдан бери кымбаттады. АИ-95 үлгүсүндөгү 1 сом 60… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 90 эмес 88 депутат келет

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 90 эмес 88 депутат келет. БШКнын маалыматына ылайык, буга себеп бир мандаттуу эки шайлоо округунда «баарына каршы» графасы көп добуш алган. Бул аймактарда кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланат. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйыны… Кененирээк…

Бишкекте 2 мектеп карантинге жабылды

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун буйругу менен Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназия жана №56 мектеп жарым-жартылай карантинге жабылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, №56 мектептин 5-11-класстарынын окуучулары 14-декабрдан 20-декабрга чейин карантинге жөнөтүлдү. Өз кезегинде башталгыч класстын… Кененирээк…

Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчи сапка чыкты

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун мыкты мушкерлеринин рейтингинде биринчи сапка чыкты. Бул тууралуу мушкерлер уюму жарыялаган жаңыланган тизмеде көрсөтүлөт. Жаңы тизме Лас-Вегаста өткөн UFC 269 мелдешинин жыйынтыгы менен чыгарылган. Анда башкы беттештин биринде кыз-келиндер дивизионунун жеңил салмактагы (61 кг) чемпиону Аманда Нуньес венесуэлалык Жулианна Пеньяга утулуп… Кененирээк…

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин портрети тартылган коллекциялык монеталар чыгарылды

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин портрети тартылган коллекциялык монеталар чыгарылды. Коңшу өлкөнүн улуттук банкынын маалыматына караганда, темир акчанын дизайны 1993-жылы чыккан алгачкы сериядагы монеталарга окшош. Анда Казакстандын тарыхый инсандарынын портрети түшүрүлгөн. Бул ирет алардын катарына өлкөнүн биринчи президенти Назарбаев кошулду. Арткы бетинде өлкөнүн картасы, туусу, оймо-чийме жана… Кененирээк…

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы бала бакча пайда болду

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы бала бакча пайда болду. Жерге-Тал айылында жайгашкан мектепке чейинки даярдоо мекемеси 50 орундуу. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен билдиришкендей, бакчада балдарды тарбиялоого бардык шарттар түзүлдү, оюн аянтчасы каралып, эмерек, техника жана жабдуулар менен камсыздалды. Иштерге аталган агенттик аркылуу 17 миллион… Кененирээк…

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Муну менен катар бир мандаттуу шайлоо округдарында да добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылды. 20 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Ал тилкелерде 12 миңден ашык шайлоочу добуш берген. 5 пайыздык шайлоо босогосун 6 партия ашып… Кененирээк…