“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын” ЮНЕСКОнун маданий мурастарды сактоо тизмесине киргизүү каралат.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, 18-декабрга чейин ЮНЕСКОнун Париждеги
штаб-квартирасында өкмөттөр аралык комитеттин 16-сессиясы өтөт. “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”
Кыргызстан тарабынан сунушталган биринчи номинация. Жалпысынан комитеттин жыйынында
быйыл ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн
дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн 59 номинация каралып жатат.