Кыргызстанда спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча чемпионат өтөт.
Эркин күрөш боюнча 57 килограммдан 125 килограммга чейинки салмак
категориясындагылар арасында 12 топтом медаль ойнотулат. Ал эми
грек-рим күрөшү боюнча балбандар 55 килограммдан 130 килограммга
чейинки салмак ченинде күч сынашат. Мелдештер 13-январдан 16сына
чейин спорт ордосунда өтөт. Мелдештин жыйынтыгы менен Азия жана
дүйнө чемпионаттарына бара турган улуттук команда куралат.