Баткен шаары жаңы жылдык балатыдан баш тартты.
Мэр Имамназар Бурканов билдиргендей, мындай чечим каржатты
максаттуу пайдалануу үчүн кабыл алынды. Жаңы жылдык балатына
кооздоого 185 миң сом жумшалмак. Бирок сумманын 100 миң сому
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана аз камсыз
болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белек жасоо үчүн багытталат.
Калган акча калаа көчөлөрүн жасалгалоого кетет.