Айдоочуларга бүгүн жолдо этият болуу сунушталат

Айдоочуларга бүгүн жолдо этият болуу сунушталат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн кечки чейин жаан жаап, ал карга айланат.

 

Бул өз кезегинде трассаларда муз тоңушуна алып келет. Андыктан, инспекторлор айдоочуларга унаалар ортосундагы тиешелүү  500 метр аралыкты сактап, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүүнү сунуштайт.