Россия «Ачык асман» келишиминен чыкты

Россия расмий түрдө «Ачык асман» келишиминен чыгып, 18-декабрдан тартып өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну токтотту.

 

Москва мындай чечимди аталган келишимден Вашингтон 2020-жылдын ноябрь айында чыккандан кийин кабыл алды. АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп Россия келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелерин аткарбай жаткандыгын айткан. Москва айыптоолорду четке кагып, келишимдин бузулушуна АКШны айыптаган. Ошол эле жылдын июнь айында Россиянын президенти Владимир Путин документти денонсациялаган.

 

“Ачык асман» келишими 1992-жылы 24-мартта Хелсинкиде 27 мамлекет тарабынан кол коюлуп, кабыл алынган. Ага кирген өлкөлөрдүн учактары бири-биринин аймагына көзөмөл жүргүзүү үчүн ээн-эркин учуп-чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

 

Америкалык мурдагы мамлекеттик катчы Майк Помпео Россия аталган келишимдин алкагында алынган маалыматтарды өзүнүн ракеталарын АКШнын жана НАТОго мүчө мамлекеттердин инфраструктуралык объектилерин бутага алуу үчүн колдонуп жүргөнүн айтып келген.

 

«Ачын асман» келишими аскер жаатындагы Россия кирген, АКШ чыгып кеткен экинчи келишим болуп калды. Былтыр Трамптын өкмөтү Советтер Союзу менен 1987-жылы кол коюлган орто аралыктагы өзөктүк куралдар тууралуу келишимден чыккан.