Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына жаңы келген депутаттарга мандаттар  22-декабрда тапшырылат

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына жаңы келген депутаттарга мандаттар  22-декабрда тапшырылат.  Бул тууралуу «Азаттыкка» БШКдан билдиришти. Жаңы чакырылыш Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамдын негизинде ишин баштайт.

 

Мандат берилгенден кийин эки жума ичинде жаңы чакырылыш биринчи сессиясын өткөрүшү керек.

 

Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Азыркы 120 мандаттын ордуна эми парламентте 90 гана болот. 6 партия 5 пайыздык босогодон өттү, алар: “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру”.