“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы бүгүн Кара-Кече кенинен көмүр казуу иштерин жандантты.
Эске салсак, өткөн жумада жеринде тазалоо жумуштары аткарылды. Бирок Бишкек ЖЭБине кара отун үзгүлтүксүз жеткирилип жатты.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда суук түшкөндөн бери көмүргө суроо-талап кескин өстү. Бул баалардын жогорулашына алып келди. Улуттук банктын маалыматына ылайык, өткөн жылга салыштырмалуу, кара отун 20 пайызга кымбаттады.