Бишкекте чыккан ири өрт чектөөгө алынды, жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жеринде өрт өчүрүүчүлөрдүн 5 бөлүмү иштеп жатат. Белгилеп кетсек, бүгүн эртең менен Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектинин кесилишинде күйүүчү май сакталган кампадан өрт чыкты.