Чиновниктер арык болушу керек

Чиновниктер арык болушу керек. Ферганада ашыкча салмагын таштаган аткаминерлерге Өзбекстан бийлиги акчалай сыйлык убадалады.   Жергиликтүү ММКлар билдиргендей, ар бир килограмм үчүн 500 миң сум берилет. 5 эле килограммга арыктагандар 2,5 миллион сумга байып алат.   Бул тургундар арасында саламат жашоо образын жайылтуу үчүн кабыл… Кененирээк…

Февралда көчмө диагностикалык комплекс Балыкчыга барат

Февралда көчмө диагностикалык комплекс Балыкчыга барат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ноябрдан тарта адистер Кемин жана Чүй облусунун дагы 2 районунда тургундарды акысыз кабыл алууда.   Учурга карата  4 миң адам медициналык жардамга кайрылды.   Эске салсак, көчмө диагностикалык комплексте дарыгерлердин кабинеттери, анализдерди өткөрүүгө лабораториялар,… Кененирээк…

Кыргызстан мектептериндеги жаңы жылдык балатылар коронавируска каршы күрөшүү штабынын уруксаты менен гана өтөт

Кыргызстан мектептериндеги жаңы жылдык балатылар коронавируска каршы күрөшүү штабынын уруксаты менен гана өтөт.   Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти. Эгер аймактагы эпидемиологиялык абал жакшы болсо, анда штаб ошол аймакка тиешелүү мектептерде балатыны өткөрүүгө уруксат берет. Эске салсак, өткөн жылы мектептер онлайн-форматта иштегендиктен, балаты… Кененирээк…

Өзбекстандан келген 210 автобустун 110у гана линияларга чыгат

Өзбекстандан келген 210 автобустун 110у гана линияларга чыгат. Бул тууралуу парламенттин каржы жана бюджет боюнча комитетинин отурумунда Бишкектин вице- мэри Таалай Орозов билдирди.   Депутаттар аталган автобустардын сапатына элден даттануулар түшкөнүн эске салып, алардын учурдагы абалы тууралуу кызыгышты. Бул автобустарды жеке компания ташып келген.  … Кененирээк…

Бишкекте күйүүчү май сактоочу кампа күйүп жатат

Бишкекте күйүүчү май сактоочу кампа күйүп жатат.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Алдын-ала маалыматка ылайык, кампа Жибек Жолу проспектисинин Тимирязев көчөсү менен кесилишинде жайгашат.   Тилсиз жоо күйүүчү май сакталган бочкалардан чыккан. Учурда жеринде өрт өчүрүүчүлөрдүн 5 бөлүмү иштеп жатат. Анын ичинде штаб,… Кененирээк…

“Бала-Саруу” кичи ГЭСинин курулушуна сметалык документтерди иштеп чыгууга 106 миллион сом багытталат

“Бала-Саруу” кичи ГЭСинин курулушуна сметалык документтерди иштеп чыгууга 106 миллион сом багытталат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды. Тендерди “Чакан ГЭС” компаниясы жарыялады.   Эске салсак, августта  Киров суу сактагычында “Бала-Саруу” гидроэлектростанциясынын курулушуна капсула салынган. Долбоорго ылайык, кичи ГЭС 2022-жылдын аягына чейин колдонууга берилиши… Кененирээк…

Бишкекте бүгүн жаңы жылдык жарманкелер башталат

Бишкекте бүгүн жаңы жылдык жарманкелер башталат. Мэриянын маалыматына ылайык, жарманкелер 26-декабрга чейин Ынтымак-2 паркында, 30-декабрга чейин Чүй проспектисинин Эркиндик бульвары менен кесилишинде орун алат.   Шаар тургундары жана коноктору бул жерде жаңы жылдык белектерди, айыл-чарба азыктарын жана башка көптөгөн нерселерди сатып ала алат.

Каракол шаары 2022-жылы КМШнын маданий борбору болот

Каракол шаары 2022-жылы КМШнын маданий борбору болот. Ысык-Көлдүн борбору расмий түрдө бул эстафетаны Душамбе шаарынан кабыл алды, — деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.   Маданий борбор макамын берүүнүн максаты – КМШ мамлекеттеринин ортосундагы диалогду өнүктүрүү жана маданий потенциалдарды бириктирүү.

Бишкекте дагы эки маршруттук таксинин схемасы өзгөртүлдү

Бишкекте дагы эки маршруттук таксинин схемасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Атайын комиссиянын кабыл алган чечимине ылайык, №106 маршруттун схемасы жарым-жартылай өзгөрүп, Гагарин — Шота Руставели — Жаманбаев — Чыңгыз Айтматов көчөлөрү менен каттап, андан ары мурдагы схема менен кетет.   Ал эми №169 маршруттун… Кененирээк…

Балыкчы шаарынан Бостери айылына чейин темир жол курулат

Балыкчы шаарынан Бостери айылына чейин темир жол курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында билдирди. Анын айтымында, учурда “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасы кирешеге иштеп, жакшы жыйынтык көрсөтүп жатат.   Андыктан, вагондорду, темир жол рельстерин жаңыртуу жүрүп жатат.   Узундугу 183 чакырым болгон… Кененирээк…