Майлуу-Суу заводунун карыздарын мамлекет төлөп берет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, ишкананы береселерден тазалоо инвесторлорду тартууга жакшы шарттарды түзүп берет.
Амангелдиев белгилегендей, завод Майлуу-Суу шаарынын экономикасы жана инфраструктурасы үчүн чоң мааниге ээ.
Мамлекет тез бутуна туруп кете турган башка ишканалардын дагы карыздарын төлөөгө даяр. Анын ичинде Кадамжай сурма жана Айдаркен сымап комбинаттары бар.