Жалал-Абад шаарында жаңы мектеп пайда болот.
Жергиликтүү билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей,
жаңы билим берүү мекемеси №1 М.Бабкин атындагы мектептин
ордуна курулат. Эски авариялык абалдагы имарат түрттүрүлөт.
Жаңы объект 3 кабаттуу болот жана ал 350 окуучуга чакталат.
Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 58 миллион
сом бөлүндү. Жаңы мектеп 2023-жылы пайдаланууга берилет.