Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курамасы 2021-жылдын эң ийгиликтүү командаларынын бешилтигине кирди

Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курамасы 2021-жылдын эң ийгиликтүү командаларынын бешилтигине кирди. Күрөштүк бириккен дүйнөсүнүн сайтында жазылгандай, Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы дүйнөлүк аренада чоң секирик жасады.

 

Норвегияда өткөн дүйнө чемпионатында ал 3 медаль багындырды, анын ичинде экөөсү алтын болуп, жалпы командалык эсепте төртүнчү орунга жайгашты.