Кыргызстанда былтыр 400 миң тоннадан ашык эт өндүрүлдү. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бул мурдагы жылга караганда 2 пайызга көп.
Мекеме мындай көрсөткүчтү өлкөдө малдын санынын көбөйгөнү менен байланыштырды.
Эске салсак, соңку бир жылда өлкөдө эттин баасы 30-40 пайызга кымбаттады.