Криштиану Роналду ФИФАнын The Best атайын сыйлыгына ээ болду

“Манчестер Юнайтед” командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду ФИФАнын

The Best атайын сыйлыгына ээ болду. Былтыр 36 жаштагы португалиянын форварды

курама үчүн киргизген голдору боюнча дүйнөлүк рекодр орнотту. Сентябрда өткөн

Дүйнө чемпионатынын квалификациялык төртүнчү турунда Роналду Ирландияга

2 ирет гол киргизип, эсепти 2:1ге теңеди. Муну менен ал 111-голун жаратып

кураманын экс-форварды Али Даеини ашып өттү.