Кумтөрдөн былтыр 14 тоннадан ашык алтын өндүрүлдү

Кумтөрдөн былтыр 14 тоннадан ашык алтын өндүрүлдү. Аталган ишкананын 2021-жылдагы иши тууралуу отчетуна ылайык, компания жыл башынан бери салык жана милдеттүү төлөмдөргө 13 миллиард сом которгон.

 

Мындан улам төлөм 150 пайызга көбөйгөн. Алтынды сатуудан түшкөн дүң кирише 856 миллион доллар болуп, анын 620 миллиондон ашыгы ишканага тышкы башкаруу киргизген учурда алынган.