Ноокатта милициянын коомдук борбору ачылды

Ноокатта милициянын коомдук борбору ачылды. Ош облустук ички иштер башкармалгынан билдиришкендей, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү имараттын курулушуна 640 миң сомго жакын каражат жумшалды.

 

Борбор жарандардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларын кабыл алуу, жергиликтүү калкка көйгөйлөрдү чечүүдө практикалык жардам көрсөтүү, маалыматтык-түшүндүрүү жолугушууларын уюштуруу иштерин жүргүзөт.