Бишкекте дагы бир мектеп карантинге жабылды.
Шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан кабарлашкандай, №24 мектепте коронавирус инфекциясынын беш учуру катталып, онлайн окутууга өттү.
Эске салсак, учурда борбор калаадагы 26 муниципалдык жана 8 жеке менчик мектеп, ошондой эле 3 бала бакча аралыктан окууда.