Бүгүн салык режимин тандоо мөөнөтүнүн акыркы күнү

Бүгүн салык режимин тандоо мөөнөтүнүн акыркы күнү. Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, бардык салык төлөөчүлөр 28-январга чейин аларга кайрылуусу зарыл.

 

Эске салсак, жаңы кабыл алынган кодекске ылайык, 2021-жылдын 31-декабрына чейин милдеттүү патент, салык контрагы, чекене сатуудан салыкка каражат төлөп жүргөндөр салык режимин тандоого милдеттүү.

 

Бүгүн салык органдарынын «Бирдиктүү терезелери», Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору түнкү саат 11ге чейин иштейт.