Кыргызстанга темир жол үчүн дагы 20 жаңы жүк вагондору келди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, жалпысынан 100 вагон сатып алынат.
Белгилеп кетсек, 2015-жылдан бери Россия оңдоп-түзөөдөн өткөн жүк вагондорун киргизүүгө тыюу салган.
Мындан улам өлкө жаңы жүк ташуучу вагондорду сатып алууда.