Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясы башталды. Мамлекеттик салык кызматынан маалым болгондой, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча декларация толтуруу жараяны эки этапта өтөт.
Ага ылайык 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелери ошондой эле, жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет тапшырышы керек.