Өлкөдө жаш ойлоп табуучулардын олимпиадасы өтөт

Өлкөдө жаш ойлоп табуучулардын олимпиадасы өтөт. Анда окуучулар Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу боюнча макеттерди жасайт.

 

Олимпиадага 13 жаштан 16 жашка чейинки республиканын бардык аймактарынан окуучулар катыша алат.

 

Азыркы тапта алар февраль айынын башында боло турган таймашка даярдыктарды көрүшүүдө.