Шаршеналиев Нурлан Алтымышович Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка мэр Айбек
Жунушалиев кол койду. Буга чейин вице-мэрлик кызматты Таалайбек Орозов
аркалап келген. Ал «Бишкек суу каналга» жетекчи болуп дайындалды.