Бишкек шаарынын вице-мэри Таалайбек Орозов кызматтан бошотулду.
Ал тууралуу буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койгонун мэриянын
басма сөз кызматы билдирди. Т.Орозов борбордогу санариптештирүү жана
транспорт тармагын 2021-жылдын 23-сентябрынан бери көзөмөлдөп келген.