Быйыл Ошто ишкерлерди тейлөө борбору ачылат

Быйыл Ошто ишкерлерди тейлөө борбору ачылат.

Бул тууралуу экономика министрлигинен билдиришти.

Андан белгилешкендей, мындай борборлорду түштүк калаада жана

өлкөнүн башка аймактарында ачуу министрлер кабинетинин

тапшырмасында камтылган. Бирок ачылыштын мөөнөтү так айтылган жок.

Министрликтен эске салышкандай, иштерлерди тейлөө борборлорунун

милдети – бизнесмендерге өз маалында сапаттуу кызмат көрсөтүү.