Нарында Куланак ГЭСи курулат

Нарында Куланак ГЭСи курулат.

Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ГЭСтин кубаттуулугу 100 мегаваттуу болот.

Объект үчүн Нарын районунун аймагынан 485 гектар жер бөлүнүп берилди.

Долбоорду ишке ашырууга ички инвесторлор тартылды.

Курулуш иштерин мартта баштоо пландалууда.