Кыргызстанда рублдун куну түшүп баштады

Кыргызстанда рублдун куну түшүп баштады. Учурга карата коммерциялык банктар россиялык валютаны 90 тыйынга сатып алып, 1 сомдон сатып баштады.

 

Ал эми Улуттук банктын расмий курсу – 1 сом 5 тыйын деп орнотулду.

 

Россиялык басылмалар билдиришкендей, рублдун куну президент Владимир Путиндин Донбасстагы атайын аскердик операциялардын башталышы тууралуу жарыялагандан кийин дароо түшүп кетти. Ал доллар тескерисинче Россиядан кунун бекемдөөдө. Эске салсак, Владимир Путин Донбасстагы атайын операция тууралуу бүгүн жарыялады. Буга жооп катары Украинада аскердик абал режими киргизилди.