Кыргызстан өткөн жылы донорлордон 448 миллион доллар алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Каржы министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Акжолов билдирди.
Ал белгилегендей, тыштан каражат эки багыт боюнча келет: ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик инвестициялар аркылуу жана бюджетти колдоого.
Эске салсак, 2021-жылдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 147 миллион доллардан ашты. Бул сумманын негизги бөлүгү тышкы береселер.