Киевде аскердик абал киргизилет

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде аскердик абал киргизилип жатканын билдирди. Бул тууралуу «Украинская правда» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Зеленский Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешин чакырат. Ал Киевге аскердик абалды киргизет.

Мындан тышкары, Украинанын асманы жабылды.

 

Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.