Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унаалардын кезеги жоюла элек

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унаалардын кезеги жоюла элек. Бул тууралуу бекеттин башчысы Муктарбек Мамбетакунов билдирди.

 

Анын айтымында, учурда чек арадан өтүү үчүн кезекте 200дөй жүк ташуучу унаа турат. Бул машинелердин саны көбөйүп кеткенине байланыштуу, чек арадан өткөрүү тартибинде өзгөртүүлөр жок, — деди Мамбетакунов.

 

Белгилеп кетсек, эки өлкөнүн чек арасында 7 өткөрүү бекети бар. Казакстандагы январь айындагы окуялардан кийин түйүндөр ар кандай чектөөлөр менен иштеп жатат.