Россия чет өлкөлүктөрдү медициналык күбөлөндүрүү эрежелерин өзгөрттү

Россия чет өлкөлүктөрдү медициналык күбөлөндүрүү эрежелерин өзгөрттү.

 

Эми сертификат жана медициналык бүтүмдөр 12 айга чейин жарактуу деп эсептелет. Ошондой эле чет элдиктерди медициналык күбөлөндүрүү учурунда буга чейинки дарылануусу же кароодон өткөндүгү боюнча маалыматтар эске алынат. Болгону алар тууралуу документтер талап кылынат.

 

Андан тышкары, жугуштуу оорулардын катарынан коронавирус алынды. Жаңы эреже 1-мартта күчүнө кирет.