Ноокатта иске ууланып үч киши каза болду

Оштун Ноокат районунда үч киши өздөрү жашаган үйдө иске ууланып көз жумду. Окуя 21-февралга караган түнү Көк-Бел айылында болгонун Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлап, алар ошол кыштактын тургундары экенин билдиришти.

 

Алардын сөөгү эки күн үйдө жатып калган. 22-февралда саат 21:00 чамасында милицияга белгилүү болгон.

Көз жумгандардын бири 63 жаштагы эркек, экинчиси 62 жаштагы аял, үчүнчүсү 9 жаштагы бала.

 

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы аларга күч колдонулбаганын далилдеген. Каза болгондордун жакындары сөөктөрдү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышып, маркумдардын өлүмү боюнча эч кандай доосу жок экендигин билдиришкен.