Украинада атомдук электростанциядагы өрт өчүрүлдү

Орус армиясынын чабуулунан кийин күйүп кеткен Украинанын Запорожье атомдук электр станциясындагы (АЭС) өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлады.   Украинанын атомдук энергия боюнча агенттиги АЭС радиоактивдүү заттардын тараганы аныкталбаганын билдирди. 4-мартка караган түнү Энергобар шаарында жайгашкан Европадагы эң ири атомдук электростанцияга ракеталык сокку… Кененирээк…

Бириккен Араб Эмирлигинин бийлиги Украина жарандары үчүн визасыз режимди убактылуу токтотту

Бириккен Араб Эмирлигинин бийлиги Украина жарандары үчүн визасыз режимди убактылуу токтотту. Эми бул өлкөгө киргиси келгендер тиешелүү уруксат алышы керек болот. Бирок чектөөлөр буга чейин Эмирликтеги украиндиктерге тиешелүү эмес.   Белгилеп кетсек, Бириккен Араб Эмирлиги орус-украин жаңжалында бейтарап болуп, эки тарапты диалогго чакыруууда.   Бийлик… Кененирээк…

Абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөгө эмне алып келиши керектиги айтылды

Абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөгө эмне алып келиши керектиги айтылды. Бул үчүн Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракееванын кебин уксак.   “Абитуриенттин колунда сөзсүз түрдө паспорт болушу керек. 16 жашка чыга элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анан справка болушу керек. Мурдагы… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус боюнча чектөөлөр акырындап алынууда

Кыргызстанда коронавирус боюнча чектөөлөр акырындап алынууда. Алсак, Республикалык штабдын чечими менен эми мектептерде беткап тагынуу талабы жоюлду. Бул окуучуларга жана билим берүү мекемелеринин бардык кызматкерлерине тиешелүү. Чек ара өткөрүү түйүндөрүнүн аймагынан ПЦР-тест жүргүзүү үчүн жеке лабораториялар жабылат.   Андан тышкары, Саламаттыкты сактоо министрлигине санитардык-көзөмөл түйүндөрүнүн… Кененирээк…

Эки айда пландан тышкары 371 миллион сом камсыздандыруу төлөмдөрү чогултулду

Салык кызматы эки айда пландан тышкары 371 млн. сом камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултту. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Январь-февраль айларында 6 млрд. 671 млн. сом камсыздандыруу төлөмдөрү чогултулган. План 5,9 %га же 371 млн. сомго ашык аткарылган. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд.… Кененирээк…

Синоптиктер Кыргызстанда аба-ырайы кескин өзгөрөрүн эскертишет

Синоптиктер Кыргызстанда аба-ырайы кескин өзгөрөрүн эскертишет. Маалыматка ылайык, 6-марттан тартып ордо калаада суук болот. Шамалдын ылдамдыгы жогорулап, жамгыр жаайт. Аба-ырайынын өзгөрүшү эртең кечтен тартып сезилет. Жекшембиге караган түнү нөшөрлөп жаан жаайт. Мындай аба-ырайы кийинки жума бою сакталат. Жылуу күндөр кайра 13-марттан тартып кайтып келет.  

Кыргызстандагы окуу жайлар билим берүү үчүн төлөмдөрдү сом түрүндө гана алышы керек

Кыргызстандагы окуу жайлар билим берүү үчүн төлөмдөрдү сом түрүндө гана алышы керек. Бул тууралуу билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, тиешелүү билдирүү бардык билим берүү мекемелерине жана жеке мектептерге жөнөтүлөт. Билдирүүдө министрлик Кыргызстан мыйзамынын талаптарына көңүл бурууну суранат, анда окуу акысын улуттук валютада алуу керектиги… Кененирээк…

Улуттук банк акчалай сыйлык берүү максатында сурамжылоо жүргүзгөн жок

Улуттук банк акчалай сыйлык берүү максатында сурамжылоо жүргүзгөн жок. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен эскертишкендей, соцтармак жана мессенджер аркылуу Улуттук банк сурамжылоо жүргүзүп жатат деген маалыматтар тарап жатат. Анда сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча адам 50 миң сом сый акы алат деп айтылат. Бул маалымат чындыкка дал келбейт.… Кененирээк…

Жер ресурстарынын кызматы онлайн түрдө көрсөтүлөт

Жер ресурстарынын кызматы онлайн түрдө көрсөтүлөт. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, “Түндүк” порталында Кыймылсыз мүлк объекттери жана аларга болгон укуктар боюнча маалыматтарды берүү боюнча 80ге жакын веб-сервис иштелип чыкты. Ага 19 министрлик жана ведомство кошулду. Ошондой эле, жарандарга кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бар/жоктугу жөнүндө маалыматтарды алуу… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 8 миллиард кубга түштү

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 8 миллиард кубга түштү. “Улуттук энегохолдингдин” сайтындагы маалыматка караганда, учурда суунун агып кириши чыгымдан 3 эсе көп болууда. Салыштырмалуу айта турган болсок, былтыр ушул эле мөөнөттө башкы резервуардагы көрсөткүч быйылкыдан дээрлик 1,5 миллиард кубга көп болчу. Ал эми 2020-жылы мартта… Кененирээк…