Абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөгө эмне алып келиши керектиги айтылды

Абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөгө эмне алып келиши керектиги айтылды. Бул үчүн Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракееванын кебин уксак.

 

Абитуриенттин колунда сөзсүз түрдө паспорт болушу керек. 16 жашка чыга элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анан справка болушу керек. Мурдагы жылдын бүтүрүүчүлөрү тестке катышып жаткан учурда милдеттүү түрдө орто билими жөнүндө аттестатын түп нускасын алып келип катталат. Андан тышкары, биз каттоодон өткөн ар бир абитуриенттин колуна кабарлоо баракчасын беребиз, ошол талону болушу керек. Андан тышкары ручка, болду башка эч нерсе алып келбейт

 

Эске салсак, жалпы республикалык тестирлөө быйыл 23-майда башталып,   28-майга чейин уланат.