Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түзүлдү

Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги мамлекеттик мекемесинин базасында президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Агенттик бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну координациялоо, эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансылык уюмдар менен… Кененирээк…

Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү башталды

Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү башталды. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 18 жашка чыккан жарандар буга чейин алгачкы аскердик каттоодон өткөн. Эми аскерге чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу аземи болот. Алар Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, УКМКнын, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын кошуундарында жана бөлүктөрүндө кызмат өтөшөт.

Бишкекте айрым ири соода дүкөндөр тармагы кээ бир азыктарды сатууга чектөө киргизди

Бишкекте айрым ири соода дүкөндөр тармагы кээ бир азыктарды сатууга чектөө киргизди. Товарлар бүт кардарларга жетиши үчүн биз кээ бир өтө чоң суроо талапка ээ азыктарга убактылуу чектөө киргизип жатабыз. Ажиотаж жаратпаңыздар, дүкөндүн текчелерин күнүгө азыктарга толуктап турабыз, – деп айтылат маалыматта. Бирок билдирүүдө кайсы… Кененирээк…

Кыргызстанда жол курууга жана оңдоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 5 жылда дээрлик 7 миллиард сомго өстү

Кыргызстанда жол курууга жана оңдоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 5 жылда дээрлик 7 миллиард сомго өстү. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, 2018-жылга каржылоонун жалпы суммасы 10 миллиард 139 млн сомду түзүп, аткарылган иштердин көлөмү 558 чакырымды түзсө, быйыл 661 чакырым жолду курууга жана оңдоого 16 миллиард 543… Кененирээк…

Кыргызстандыктардын 73 пайызынын айлыгы бир айга да жетпейт

Кыргызстандыктардын 73 пайызынын айлыгы бир айга да жетпейт. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарынын изилдөөсүндө маалым болду. Жалпысынан 2 миң 400 адам катышкан сурамжылоого ылайык, ар бир онунчу адамдын гана акча чогултуу мүмкүнчүлүгү бар. Калктын 34 пайызы маянасын эки жумага жеткирсе, 20 пайызы бир жумага, бир… Кененирээк…

Жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-апрелде аяктайт

Жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-апрелде аяктайт. Мамлекеттик салык кызматы документти мөөнөтүнөн калбай толтурууну эскертет. Эске салсак, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн ээлери, юридикалык жакты түзбөй иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар декларация… Кененирээк…

Россия коронавирустан улам сегиз өлкөгө каттамдарга киргизилген чектөөлөрдү алып салды

Россия коронавирустан улам сегиз өлкөгө каттамдарга киргизилген чектөөлөрдү алып салды. Федералдык аба транспорту агенттигинен маалым болгондой, Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Иранга пландан тышкары жана пландуу каттамдарга киргизилген чектөөлөр жокко чыкты. Мындай чечим 9-марттан тарта күчүнө кирди.

Кыргызстанга импорттолгон товарлар чек арадан өткөндөн тарта сатылганга чейин көзөмөлдөнөт

Кыргызстанга импорттолгон товарлар чек арадан өткөндөн тарта сатылганга чейин көзөмөлдөнөт. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, мындай ыкма республиканын аймагына мыйзамсыз товарлардын ташып келинишине каршы күрөшүүнү гана эмес, өлкөнүн экономикалык коопсуздугун да камсыздайт. Ага ылайык, тигил, же бул товар мамлекеттик чек арадан качан, кайсы убакытта жана канча көлөмдө… Кененирээк…

Кочкордо Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылды

Нарын облусунун Кочкор районунун борбору Кочкор айылында мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.   «Турдакун Усубалиевич өмүр бою жакшы адам бойдон калды. Ал баарыбызды суктандырган наркын сактап, сынын бузган жок. Турдакун Усубалиевич – бийлик менен дөөлөттү көтөрө билген, сабырдуу, абийирин… Кененирээк…

Индияда үлпөт той учурунда болочок күйөөсүнүн таз экенин билген кыз турмушка чыгуудан баш тартты

Индияда үлпөт той учурунда болочок күйөөсүнүн таз экенин билген кыз турмушка чыгуудан баш тартты.   Чет элдик басылмалар жазышкандай, кыз эркектин ыңгайсыз болуп жүргөнүн, баш кийимин улам оңдоп жатканын байкап, коноктордун биринен тактоону туура көрдү. Жигитинин чачы жок экенин билип, өзүнөн дагы сураган. Болочок жолдошунун… Кененирээк…