Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү башталды

Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү башталды.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 18 жашка чыккан жарандар буга чейин алгачкы аскердик каттоодон өткөн.

Эми аскерге чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу аземи болот.

Алар Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, УКМКнын, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын кошуундарында жана бөлүктөрүндө кызмат өтөшөт.