Айыл чарба, сугат техникаларын лизингге берүүгө 270 млн сом багытталат

Өлкөдө айыл чарба, сугат техникаларын, машиналарды жана жабдууларды лизингге берүүгө 270 миллион сомдон ашык багытталат.

Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Анын алкагында, техника алууга каражат мамлекеттик банктардын бири аркылуу 7 жылга чейинки мөөнөткө, улуттук валютада жылына 6 пайыз менен берилиши күтүлүүдө.