Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы ФИФАнын рейтингинде позициясын жакшыртты

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде позициясын жакшыртты.

Эл аралык футбол федерациясынын марттагы рейтингинде өлкө 96-орундан 95-орунга көтөрүлдү.

Көрсөткүч Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн Navruz Cup-2022 эл аралык турниринин жыйынтыгынын алкагында чыгарылды.

Белгилеп кетсек, ФИФАнын тизмесиндеги биринчи орунду Бразилия курама командасы ээледи.

Алдыңкы бештикке Бельгия, Франция, Аргентина жана Англия командалары кирди.

Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринен Өзбекстан 83-орунга, Тажикстан 114, Казакстан 125, Түркмөнстан 134-орунга жайгашты.