Май айында кыргызстандыктар 9 күн катары менен эс алат.
Тиешелүү токтомду министрлер кабинети коомдук талкууга чыгарды.
Ага ылайык, 1-5-жана 9-май майрамдык дем алыш күндөрү. 2-майга Орозо айт туура келгендиктен, бул күнү дагы эс алуу жарыяланат.
Муну менен 4-6-май гана иш күнү болот, бирок аларды 30-апрель жана 14-майдагы ишембилерге жылдыруу пландалууда.
Белгилеп кетсек, майрамдарда, даталуу күндөрдө эс алуу санын азайтуу сунушу маалы-маалы менен айтылганы менен майнап чыкпай келет.