Электрондук кол тамга эми акысыз берилет

Электрондук кол тамга эми акысыз берилет.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги аны жарандар каалаган калкты тейлөө борборунда алса болорун билдирди.

Белгилеп кетсек, электрондук кол тамганы колдонуу кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды идентификациялоого, онлайн режиминде берилүүчү маалыматты коргоого, документтердин аныктыгын тастыктоого, мамлекеттик органдардын электрондук кызматтарын колдонууга мүмкүндүк берет.

Ал кол менен жазылган кол тамгадай эле юридикалык мааниге ээ.