Түркмөнстанда Сердар Бердымухамедовдун сүрөтү таксилерге тагылат

Түркмөнстанда жаңы шайланган президент Сердар Бердымухамедовдун сүрөтү таксилерге тагылат.

Бул тууралуу “Азаттык” түркмөн кызматына таянып жазды.

Маалым болгондой, аталган өлкөнүн Жол полициясы таксисттерди унаанын алдыңкы айнегине мамлекет башчынын сүрөтүн чаптап жүрүүгө милдеттендирди.

Полиция ошондой эле айдоочуларга жаңы президенттин ксерокопиядан көбөйтүлгөн сүрөтүн 1,5 долларга сатып алууну сунуштап жатат.

Белгилеп кетсек, мурдагы өлкө башчы Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтүн такси айдагандар машинасындагы көзгө урунчу жерге чаптап алууга милдеттүү болчу.