Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда 1-апрелде таңкы саат 05:13тө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Жер силкинүү Базар-Коргон районунун Арсланбап, Косо-Терек, Кызыл-Үңкүр айылдарында 4,5 балл, Гүмкана, Көк-Алма, Жазы-Кечүү, Жай-Терек айылдарында 4 балл, Ноокен районунун Тоскоол айылында, Сузак районунун Ак-Тоок, Сары-Булак айылында, Кара-Көл шаарында 3 балл жана Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.