Кыргызстанда 7 медициналык университеттин лицензиясы жокко чыгарылат

Кыргызстанда 7 менчик медициналык университеттин лицензиясы жокко чыгарылат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, буга окуу жайлардын клиникалык базасы, шарты талапка жооп бербегени себеп.

Келечектеги дарыгерлерди даярдаган 7 билим берүүчү жайдын лицензиясын жараксыз деп табуу боюнча сунуш учурда Билим берүү министрлигине берилди.

Ага ылайык, төмөнкү окуу жайлардын лицензиясы жокко чыгышы күтүлүүдө:

Ош эл аралык медициналык университети;

Кыргыз медико-стоматологиялык институту;

Роэль Метрополитен университети;

«Авиценна» эл аралык медицина университети;

АВС Академиясы;

Бишкек эл аралык медициналык институту;

Медицина жана илим медициналык институту.