Кыргызстанда кичи ГЭСтердин курулушу уланууда
Кыргызстанда кичи ГЭСтердин курулушу уланууда. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, жумуштар Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош облустарында жүрүп жатат, ошондой эле Чүй жана Таласта ГЭСтерди куруу пландалууда. Белгилеп кетсек, гидроэлектростанцияларды куруу үчүн тиешелүү мыйзамдык база түзүлүп, инвесторлорго кандайдыр бир преференцияларды алууга мүмкүндүк берүүчү документтер кабыл алынган.